22.12.2023
21 декабрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери “Арча-Бешик” конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан “Боорсок” соода түйүнүндө нандын баасына мониторинг жүрүзүштү.Мониторинг учурунда аталган соода борборунда 260 граммдык тандыр наны 29 сомдон сатылып жатканы аныкталды. Буга байланыштуу КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесинин негизинде 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.Мындан тышкары ушул эле көчөдө жайгашкан дүкөнгө нан боюнча эскертүү берилди.




