
Ош облусунун Өзгөн районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
21.12.2023
Бишкек шаарындагы “Боорсок” соода борборуна нандын баасы боюнча айып пул салынды
22.12.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №4/28 буйругу менен Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023-жылдын 20-декабрь күнү Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын, мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын, Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнын Кара-Суу районунун, Кара-Суу райондук администрациясынын жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Суу районунун аймагында көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндө буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,3 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.
Кара-Суу районунун аймагында 2 көмүр сатуучу жайга белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтын жоктугу (илбегендиги) үчүн 1000 сомдон айып пулдар салынды. Андан сырткары, Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнын Кара-Суу районунун кызматкерлери тарабынан 3 көмүр сатуучуга жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн уюштургандыгы үчүн 3000 сомдон айып пулдар салынды.





