05.02.2024

Өлчөмү туура келбей калган эмеректин акчасы керектөөчүгө  кайтарылды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования А.А аттуу жарандан электрондук кайрылуусу келип түшкөн. Билдирүүгө ылайык, керектөөчү “А..Т..” соода борборуна ваннага керектүү эмерек (тубма) сатып алган. Бирок үйгө келип жайгаштырганда тумбанын өлчөмү туура келбей калган. Ошондон улам керектөөчү эртеси күнү “А..Т..” соода борборуна сатып алынган тумбанын акчасын кайтарып же алмаштырып берүү боюнча өтүнүчү менен кайрылган. Бирок керектөөчүнүн талабы А..Т. соода […]
02.02.2024

Бишкек шаарында көмүр баалары туруктуу

Бүгүн, 2024-жылдын 2-февраль күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования борбордук аппараттын кызматкерлери тарабынан шаардагы көмүр сатчу базаларда мониторинг жүргүзүлдү.  Бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы 4000 сомго чейин ал эми тандалган түрү 4700 сомдон сатылууда.   Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
01.02.2024

“Кожобакырган-Суу” ИСКАКБнын ичүүчү суу баасы белгиленди

    Баткен облустук бөлүмдүн адистери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы  №83 токтому менен бекитилген «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субьекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык “Кожобакырган-Суу” ИСКАКБнын ичүүчү суу баасы (тарифи)  белгиленди (макулдашылды). № Ишкана аталышы Буйрук №, күнү Аткарылган жумуштар 1. “Кожобакырган-Суу” ИСКАКБ №04 30.01.2024-ж. […]
Skip to content