27.01.2024

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана ун чыгаруучу ишканаларынын ортосунда рынокту сапаттуу буудай уну жана мал чарбачылыгы үчүн тоют менен жеткиликтүү баада камсыз кылууга багытталган кызматташуу жөнүндө Макулдашуу түзүлдү.Макулдашууга республикада ун жана нандын бааларын туруктуу кармоо ошондой эле ун чыгаруучу ишканалардын милдеттенмелери камтылган.Макулдашуу 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
27.01.2024

Талас шаарында
КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарындагы жарнама жайылтуучу ишкердик субъекттер арасында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү жайларда мыйзам талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталган. Алар: Жогоруда белгиленген жайларда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренсинин 3-пунктунун негизинде эскертүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой […]
26.01.2024

Бишкек шаарында көмүр тартыштыгы жок

25-январь күнү Бишкек шаарында көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында, Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан көмүр базаларына мониторинг жүргүзүлдү.Бул иш-чаранын жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Сатуучуларга көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүлдү.Белгилей кетсек, көмүрдүн баасы туруктуу. Бишкек шаарындагы бардык отун базаларында көмүр жетиштүү көлөмдө бар, көмүр […]
Skip to content