
Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү
22.02.2024
Баткен аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын соода түйүндөрүнө социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү.
26.02.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Суу районунун базарында социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө, Кара-Суу районунун базарында баалар төмөнкүдөй:
- Уй эти 1кг –550 сом,
- Кой эти 1кг – 600 сом,
- Картошка 1кг – 20-25 сом,
- Пияз 1кг – 20-25 сом,
- Сабиз 1кг – 25-33 сом,
- Өсүмдүк май 1 литр – 110–140 сом,
- Кумшекер – 80-85 сом,
- Ун 1-сорт 50кг – 1400-1700 сом
Мониторинг учурунда, сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.





