Этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон баасына көзөмөл жүргүзүү мониторинг жөнүндө
29.09.2025Экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кышмезгилине керектөөчүлөрдүн топтору боюнча сатылуучу көмүрдүн дүңсатуу бааларын белгилөө жөнүндө
02.10.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №175 буйругуна ылайык, өлкө аймагында көмүр бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.
Аталган буйрукту ишке ашыруу максатында, Кызмат тарабынан 2025-жылдын 29-сентябрында №81 буйрук чыгарылды. Бул буйрукка ылайык, Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнө 2025-жылдын 10-октябрына чейин өлкөнүн облустарынын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында салыктарды эске алуу менен көмүрдүн чекене баасынын максималдуу деңгээлин белгилөө тапшырмасы жүктөлдү. Белгиленген баалар баа абалы өзгөргөн учурда кайра каралат.
Бул иш толук аяктагандан кийин, зарыл болгон бардык маалыматтар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлөт.

