Улуттук стандарттагы эки өлчөм штрих-код белгилеринин (QR-код)болушун камсыздоо боюнча мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
29.09.2025Көмүр бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү жөнүндө
02.10.20252025-жылдын 25-сентябрында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан этке (уй жана кой эти, сулп
этинен башкасы) болгон чекене бааларына Раззаков шаарындагы эт сатылуучу
жайлардагы эт сатуучу жеке ишкерлерге, бааларды турукташтыруу максатында,
Раззаков шаар мэриясынын кызматкери, Ветеринария кызматкерлери менен
биргеликте рейд иштери жүргүзүлдү, жыйынтыгында монополияга каршы жөнгө
салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү тарабынан коюлган баа уй этине 1 кг
650 сом, ал эми кой эти 1 кг 680 сомдон сатып жаткандыгы анык болгон, коюлган
баадан ашыкча коюулуп саткандыгы аныкталган жок.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы)
болгон чекене бааларына Сүлүктү шаарындагы эт сатылуучу жайлардагы эт
сатуучу жеке ишкерлерге, бааларды турукташтыруу максатында, рейд жүргүзүлдү,
жыйынтыгында монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук
бөлүмү тарабынан коюлган баа уй этине 1 кг 650 сом болсо, У.Д.Н, атуу жеке
ишкер 1 кг уй этини 680 сомдон саткан, же 30 сомго коюлган баадан ашыкча
саткандыгы аныкталган, аныкталган мыйзам бузуунун негизинде 30 эсептик
көрсөткүчтө айып пул салынды.

