Өзгөн, Кара-Суу райондорунда, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте, эттин (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) белгиленген бааларынын сакталышына көзөмөл жүргүзүлдү
22.08.2025Каракол “Суу Түтүк” муниципалдык ишканасы тарабынан “Суу түтүк инженердик жана сууга техникалык шарттарды берүү” жана “Суу түтүк инженердик–техникалык түтүкчөлөрүнө кошулуу” акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
22.08.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары-Бөлүм) Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, 2025-жылдын 22-август күнү Ош шаарындагы эт сатуучу жайларга, мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен мал эти Ош шаарында жайгашкан соода түйүндөрүндө, борбордук базарда 680 сомдон, кой эти 680 сомдон, сатылып жаткандыгы аныкталды.
Мониторинг учурунда, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан уй, кой эттерин сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

