Ош шаарындагы эт сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
04.08.2025Бишкек шаары боюнча “Глобус”, “Народный”, “Азия”, “Азбука” ж.б. соода түйүндөрүндө мониторинг өткөрүлдү
05.08.20251-август 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош, Аламүдүн, Орто-сай базарларында этке (уй, кой эти) рыноктук чекене бааларга мониторинг жүргүзүлгөн.
Аталган иш-чаранын алкагында Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан эттин баасынын кымбатташына жол бербөө жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, жогоруда аталган базарлардын администрациялары тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин так сактоо жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жоопкерчилик ченемдери түшүндүрүлгөн.
Бул багыттагы иштер Бөлүм тарабынан улантылат.

