Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин “Экономиканын отличниги” деген төш белгиси менен Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн күнүнө карата Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери сыйланды
29.04.2025Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Ж. Орозбаев Будапештте монополияга каршы органдардын ТМУнун кеңешмесине катышты
29.04.20252025-жылдын 21-25 апрелинде Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев Россия Федерациясынын Федералдык монополияга каршы кызматы (ФМКК) тарабынан уюштурулган монополияга каршы жөнгө салуунун 35 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты. Россиянын ФАС Коллегиясынын пленардык отуруму; монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 58 – отуруму; КМШга катышкан мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип иликтөө боюнча штабдын отуруму; санариптик рыноктордогу атаандаштык көйгөйлөрүн изилдөө боюнча БРИКСтин жумушчу тобунун отуруму; ШКУга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин кеңешмеси болуп өттү.
Иш-чаралардын негизги максаттары жана милдеттери монополисттик иш-аракетти, ак ниет эмес атаандаштыкты баалоонун критерийлерин жана ыкмаларын, атаандаштык эрежелерин бузуу боюнча иштерди иликтөө жол-жоболорун иштеп чыгуу, ошондой эле товардык рыноктогу атаандаштык эрежелерин бузган чарбакер субъекттерге, бийлик жана башкаруу органдарына таасир этүүнүн эрежелерин жана механизмдерин иштеп чыгуу жана аларды отурумдун катышуучуларынын (МКСМАК мүчөлөрү) ортосунда макулдашуу, ошондой эле кызматташуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү болуп саналат. Атап айтканда, кыргыз тарап төмөнкүдөй маалыматтар менен алмашты: КМШга катышкан мамлекеттерде монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү негизги окуялар, анын ичинде Кыргызстандын тажрыйбасы; атаандаштыкка каршы макулдашууларга (картелдерге) жана башка атаандаштыкты бузууларга, анын ичинде трансчек аралык бүтүмдөргө каршы аракеттенүү; бааларды жана тарифтерди жөнгө салуу, бааларды мамлекеттик контролдоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу; контрафактылык продукцияларды сатууну болтурбоо үчүн маркетплейстердин укук ээлери жана сатуучулар менен өз ара аракеттенүүсү; жана анын атаандаштыктын абалына тийгизген таасири; атаандаштык, мамилелер жана практика чөйрөсүндөгү укук бузуулардан жабыр тарткандарды жарандык-укуктук коргоо.
Штабдын күн тартибине төмөнкү маселелер кирди:
1. Контрафактылык продукцияларды сатууну болтурбоо максатында маркетплейстердин укук ээлери жана сатуучулар менен өз ара аракеттенүү практикасы боюнча моделдик документти монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө.
2. “Бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик-укуктук жөнгө салуу” докладын даярдоо боюнча штабдын ишинин жүрүшү жөнүндө.
3. “Атаандаштык чөйрөсүндөгү укук бузуулардан жабыр тарткандарды жарандык-укуктук коргоо” темасында доклад даярдоо боюнча штабдын ишинин жүрүшү жөнүндө.
4. Экономикалык концентрациянын трансчек аралык бүтүмдөрүн контролдоодо атаандаштыкка каршы макулдашуулардын (картелдердин) алдын алуу жана бөгөт коюу “темасында докладды даярдоо боюнча штабдын ишинин жүрүшү жөнүндө.
5. КМШга катышкан мамлекеттердин рынокторундагы атаандаштыктын абалына Жасалма интеллекттин таасирин иликтөө, ошондой эле аны монополияга каршы органдардын ишинде пайдалануу боюнча штабдын ишинин жүрүшү жөнүндө.
МКСМАКтын күн тартибинде төмөнкү маселелер камтылган:
1. МКСМАКтын төрагасын шайлоо жөнүндө.
2. Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 57-отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө.
3. КМШга катышкан мамлекеттерде монополияга каршы саясат жаатында болуп өткөн эң көрүнүктүү окуялар жөнүндө.
4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында өткөрүлгөн негизги иш-чаралар жөнүндө.
5. КМШга катышкан мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарды бузууларын биргелешип иликтөө боюнча штабдын (мындан ары – Штаб) иши жөнүндө.
6. Контрафактылык продукцияларды сатууну болтурбоо максатында маркетплейстердин укук ээлери жана сатуучулар менен өз ара аракеттенүү практикасы боюнча моделдик документти бекитүү жөнүндө.
7. Россия Федерациясынын отун-энергетикалык комплексин монополияга каршы жөнгө салуу (Россия Федерациясынын ФМКК тажрыйбасы).
ШКУга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин кеңешмеси:
1. ШКУга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин биринчи жолугушуусунун чечимдерин ишке ашыруу жөнүндө.
2. Атаандаштык саясатын өнүктүрүү тенденциялары жана ШКУга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө.
3. ШКУга мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын мындан аркы биргелешкен ишинин келечектүү багыттары жана форматтары жөнүндө.
4. ШКУга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин кезектеги кеңешмесин өткөрүү жөнүндө.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду:
– Штабдын отурумунун протоколу, 2025-жылдын, 22 апрелинде – докладдарды даярдоо жана аларды МКСМАКтын кароосуна киргизүү жана Штабдын андан аркы иши жөнүндө.
– МКСМАКтын протоколу, 2025-жылдын, 24апрелинде – антимонополиялык жөнгө салуу боюнча монополияга каршы ведомстволордун иши жөнүндө маалыматты эске алуу жөнүндө штаб тарабынан даярдалган докладдарды бекитүү жөнүндө.
– ШКУнун отурумунун протоколу-ШКУга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын мындан аркы биргелешкен ишинин келечектүү багыттары жана форматтары жөнүндө.

