КР ЭКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Коллегия өткөрдү
04.04.2025Талас шаарында жайгашкан баардык сулуулук салон жана чач тарачтарда мониторинг жүргүзүлдү
07.04.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери 2025-жылдын 3-апрелинде Балыкчы шаарында №
22 Кесиптик лицейинде, Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык
колледжинде окуучулары жана мугалимдер жамааты менен кезигишүү өттү.
Лекциянын жүрүшүндө “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын айрым талаптары түшүндүрүлүп,
төмөнкү маселелер талкууланды:
- Керектөөчүлөрдүн укуктары;
- Аткаруучулардын жана сатуучулардын жоопкерчиликтери;
- Монополияга каршы кызматынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
боюнча жүргүзгөн иштери; - Керектөөчү өзүнүн укугун кантип коргойт жана кайсы мамлекеттик
органдарга кайрылышы мүмкүн; - Башка керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча маселелер
талкууланды.
Сүрөт отчеттору тиркелет.

