Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө каратааткарылган иштер жөнүндө
18.03.2025Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары жөнүндө түшүндүрүүлөр боюнча маалыматы
19.03.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Ж.Б.Орозбаевдин буйругу менен, 2025-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата айлык өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.
Аталган иш-чараларды аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) тарабынан 2025-жылдын 14-мартында ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун кызматкерлерине жана студенттерине “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө” карата керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө жана сатуучулардын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилиги деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарда Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнүн тарыхы жана качан кабыл алынган таржымалы боюнча кеңири маалыматтар айтылды.
Семинарда Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнүн тарыхы жана качан кабыл алынган таржымалы боюнча кеңири маалыматтар айтылды.
Институттун кызматкерлери жана студенттер арасында эң кызыктырган суроолор төмөнкүлөр болду:
– сатып алынган сапатсыз товарларды кайтарып берүүдөгү талаш-тартыш маселелер;
– базарларда жана кичи соода түйүндөрүндө сатып алынган товарлар жана азык-түлүктөр үчүн кассалык чектин жоктугу;
– керектөөчүлөр үчүн маалыматтын жетишсиздиги.
Ошондой эле, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг
жүргүзүлдү.

