Ош облустук бөлүмү тарабынан маалыматтар айтылды
18.03.2025Ош облустук бөлүмү тарабынан маалыматтар айтылды
18.03.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн
кызматкерлери керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык иш
планынын негизинде 2025-жылдын 17-мартында Баткен шаарынын мэриясында
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында жергиликтүү бийлик органдарга
консултациялык жардам берүү боюнча семинар кеңешме өтүлдү.
Кеңешмеде Баткен шаарынын мэриянын кызматкерлеринин катышуусунда,
муниципалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн мамлекеттик
органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери жөнүндө
жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында иш жүзүндө аткарылып жаткан иштер
жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди. Ал эми керектөөчүлөрдөн келип түшкөн арыздарды
кароодо кызматташуу жагы каралып пикир алмашуулар орун алды. Андан сырткары
социалдык жактан маанилүү товарлардын кескин өзгөрүп жогорулап кеткенде,
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн кайсы учурда мамлекеттик жөнгө салуу
киргизүү боюнча тийиштүү маалыматтар берилди. Ошондой эле Монополияга каршы
жөнгө салуу кызматы тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында
жүргүзүлүп жаткан иштер жана кызматтын ишмердүүлүгү, милдеттери, функциялары
боюнча дагы толук маалыматтар берилди.

