Эт сатуу түйүндөрүнө жана социалдык маанидеги товарлардын баасына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
06.02.2025Талас шаарында Социалдык маанилүү товарлардын бааларына керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
07.02.20252025-жылдын 30-январында Бишкек шаары боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бөлүмү Ленин районунун аймагында көмүр сатуу ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрдү.
Мониторингдин жүрүшүндө көмүр базаларында көмүрдүн жетиштүүлүгү текшерилип, аныкталгандай, бардык сатуу түйүндөрүндө көмүрдүн жетиштүү көлөмдө бар.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында бөлүмдүн кызматкерлери көмүр сатуу түйүндөрүнүн өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Атап айтканда, товарлардын баасын туура жана так көрсөтүү, таразалардын туура иштешин камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо маселелери боюнча кеңири маалымат берилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүр базарындагы баалардын туруктуулугун көзөмөлдөөнү улантып, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында тиешелүү мекемелер менен иш алып барууну улантат.

