Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана – “УТРК” телеканалынын журналистери менен биргеликте, Талас шаарында жайгашкан көмүр отунусатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
10.01.2025Көмүр сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
11.01.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2025-жылдын 11-январында, Ош шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө Бел-Алма жана Алай көмүрлөрүнүн БР маркасындагы 1 тонна чекене баасы 7000-7500 сомго чейин сатылып жаткандыгы аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгында, сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” , “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


