Кыргыз Республикасынын табигый монополия субъектилеринин мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
10.01.2025Ош шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү
11.01.20252025-жылдын 8-9-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас
облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана – “УТРК” телеканалынын журналистери менен
биргеликте, Талас шаарында жайгашкан көмүр отуну сатылуучу жайларга мониторинг
жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө көмүр отунун баасына байкоолор жана ишкерлерге
сатылып жаткан көмүрдүн баалары белгиленген тийиштүү буйруктар тапшырылды. Ал
менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө»
жана «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде –
“товарлардын баалары тууралуу маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү” жана өлчөө
каражаттарын (таразаларды) мезгилдүү текшерүүлөрдөн өткөзүү” боюнча түшүндүрүү
иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук
бөлүмү 2024-жылдын 31-декабрында №10 сандуу “Талас облусу боюнча көмүрдүн
бааларынын максималдуу бааларын белгилөө жөнүндө” – буйругу 2025-жылдын 15-
февралга чейин кабыл алынган.
Алсак, бүгүнкү күндө Талас облусунун Талас шаарынын социалдык көмүр отун
базасында жергиликтүү көмүр 1 тоннасына – 6500 сомдон, ал эми импорттук көмүр 1
тоннасын – 8200 сомдон сатылып жатканы белгилүү болду. Башка көмүр отун базаларында
жергиликтүү көмүр таңгактоо кызматы менен 1 кг – 6,5 – 7 сомго чейин, ал эми импорттук
көмүр: Караганды 1кг – 9,0; Кара-Жыра 1 кг 8,5– 9,5 сомго чейин сатылып жатканы
белгилүү болду.
Бул жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн башчысы тарабынан – “УТРК” телеканалына
маалымат берилди.

