Кызматтын Чүй облустук бөлүмү Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүштү
12.12.2024Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү
18.12.20242024-жылдын 09-декабрында Кыргыз Республикасынын экономика
жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Ош шаардык бөлүмүнө, Ош шаарынын тургуну С.у.М. арыз
менен кайрылган:
Арыздын мазмуунунда, 2024-жылдын 18-ноябрь күнү Ош шаарынын
Мамыров көчөсүндө жайгашкан “А” дүкөнүнөн “Chigo” үлгүсүндөгү
кондиционерин 36 000 (оттуз алты миң) сомго сатып алып, кондиционерди
кафесине орноткондон кийин жылытуучу системасы иштебей калгандыктан
кайра акчасын кайтарып берүүнү сураганда, “А” дүкөнүнүн ээси акчасын
кайтаруудан баш тартып койгон.
Жогорудагы маселе боюнча 2024-жылдын 11-декабрында С.у.М. арыз
даттануусунун негизинде Кыргыз Республикасынын экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери “А” дүкөндүн ээсине,
Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Мыйзамынын талаптарына ылайык ооз эки түшүндүрүү иштеринин
жыйынтыгы менен, керектөөчүнүн арызы толук канаатандырылып, анын
алган “Chigo” үлгүсүндөгү кондиционери “А” дүкөнүнө кайтарылып,
арыздануучунун 36 000 сом акчасы толугу менен “А” дүкөнүнүн ээси
тарабынан кайтарылып берилип,эки тараптын маселеси чечилди.
Андан сырткары “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча
сатуучуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

