Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери көмүр сатуу түйүндөрүнө көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү
04.12.2024“Интелмед” ЖЧКсы тарабынан өзгөчө кырдаал учурунда атаандаштык мыйзамын бузгандыгына байланыштуу Монополияга каршы кызмат тарабынан 423 млн.сом төлөтүү жөнүндө кабыл алган токтомун Кыргыз Республикасынын Жогорку соту мыйзамдуу деп тапты
04.12.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери, Баткен шаарынын мэриясынын адистери менен биргеликте 2024-жылдын 3-декабрында Баткен шаарынын көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгүлдү.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2024-жылдын 11-сентябрындагы №19 буйругана ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу деңгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленгендигин тааныштыруу максатында көмүр сатуучу түйүндөрүндө, көмүр сатуучу жеке ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли Баткен шаарында көмүрдүн “БР” маркасы тангакталганы 1 кг. 8,5 сомдон 9,50 сомго чейин жана 1 тн. 8000 сомдон 9000 сомго, жергиликтүү көмүр таңгакталганы 1 кг. 7,50 сомдон жана 1 тн.7 000 сомдон. Ал эми “БК” маркасы тангакталганы 1 кг. 11 сомдон 12 сомго чейин сатылганы анык болду. Мониторингдин жыйынтыгы менен, көмүр сатуучу ишкерлерге күз-кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылуу мезгилинде, мамлекет тарабынан көмүрдүн дүң жана чекене бааларына жөнгө салуу жагын туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүү иштери жүргүзүлдү.

