“Нур и Компани Плюс” ЖЧКсы тарабынан көмүрдүн баасы белгиленди
27.11.2024Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери көмүр сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү
28.11.20242024-жылдын 25-ноябрынан баштап 27 ноябрына чейин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери тарабынан Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында, ошондой эле Ысык-Көл облусунун райондорунда көмүр саткан чарбакер субъекттердин арасында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүү боюнча жеринде иш-чаралар өткөрүлдү.
Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан көмүрдүн белгиленген максималдык чектик баасынан жогору сатууга жол бербөө, текшерилген таразаларды колдонуу жана товарлардын (көмүрдүн) баасы жөнүндө маалымат болушу зарыл экендигин, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилип, жалпысынан 32 жазма эскертүү берилди.
Мында сатылып жаткан көмүрдүн көлөмү жетиштүү жана баалар туруктуу экендигин белгилейбиз.

