Кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө
26.11.2024Талас шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ири соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү
26.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 25-ноябрында Ош
облусунун Кара-Суу районунун борбордук базарына социалдык маанилүү
товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин
жүрүшүндө 1 кг уй этинин баасы 600 сомдон, кой этинин баасы 630-650
сомдон, 1 кг кум шекердин чекене баасы 75-80сом, 1 литр өсүмдүк майы 125-
150 сом, картошка 40-50 сом, пияз жана сабиздин чекене баасы 30-35 сомго
чейин сатылып жаткандыгы аныкталды.
Андан сырткары, сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө
жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.

