#МАМТИЛ35
25.11.2024Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамын бузгандыгы үчүн «SAIMA TELECOM» ЖАКы жоопко тартылды
26.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, 2024-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 19-августундагы №78 “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө”, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 20-августундагы №53 буйруктарын аткаруу менен облустук бөлүмдүн 12-сентябрдагы №32 буйругунун аткарылышы боюнча Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүр сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен 5 жеке ишкерге жазма эскертүү берилип, 2 жеке ишкерге Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 390-беренесинин 4-пунктуна ылайык 1000 сомдон айып пул салынды.
Иш-чаранын жүрүшүндө облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Көмүрдүн баалары боюнча мониторинг жүргүзүлүп турат.


