Ош шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө”Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилижөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын сакталышы боюнча мониторинг (рейд) жүрүү ууланууда
20.11.2024Ош облустук бөлүмүнүн башчысы тарабынан көмүр сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
21.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 19-ноябрында Кемин районунда жана Токмок шаарында көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга жана көмүрдүн коруна (запасы) мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларды туура сактоо, таразаны камсыз кылуу жана көмүрдүн бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Көмүрдүн баалары белгиленген максималдуу чекене баалардан ашык саткан учурлар катталган жок.
2024-жылдын 19-ноябрына карата жогорудагы район шаарларда жергиликтүү көмүр төмөнкү бааларда сатылып жатат:
Кемин району – “Кыргызкөмүр” МИ отун базасы – 5000,0 сом/тонна.
Токмок шаары – жергиликтүү көмүр – 5300 – 5600,0 сом/тонна;
Импорт көмүрү (Шабыркуль, Каражыра) – 6300,0 сом/тонна.
“Кыргызкөмүр” МИ отун базасы – 5100 сом/кг.
Чүй облустук бөлүмү тарабынан Чүй облусунун башка район жана шаарларында көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга мониторинг жүргүзүү улантылат.

