Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №265 токтомунун 3-пунктун аткаруунун алкагында тийиштүү иштер жүргүзүлдү.
19.11.2024Кызматтын Чүй облустук бөлүмү Чүй облусунун Кемин районунда жана Токмок шаарында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүштү
21.11.20242024-жылдын 19-ноябрь күнү, Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын
сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү.
Мониторинг (рейд) Ош шаарынын И.Разаков көчөсүндө жүргүзүлдү,
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча
бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил
комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын,
“Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери
тарабынан Жарнама жана Мамлекеттик тил Мыйзамдарынын талаптарына
жооп бербеген ээлерине бир катар эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө 31 обьект камтылды (сулуулук
салону, авиакасса, кафе, дүкөн, даарыканалар ж.б.).
Ошондой эле буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр
берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп
бербеген, терезелерге,эшиктерге чапталып эскилиги жеткен жарнамалар
алынды.
Жогорудагыдай иш-чаралар белгиленген графике ылайык шаардын
башка аймактарында уланат.

