Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, 2024-жылдын 12-ноябрь күнү Ош шаарынын Жибек жолу кичи районундагы эт сатуучу жайларга,мониторинг жүргүзүштү
13.11.2024Бакай-Ата районунда көмүр саткан ишкерлерге мониторинг жүргүзүлдү
14.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 11-ноябрында Ош
облусунун Кара-Суу районунун аймагында көмүр сатуучу жайларга
мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында Ош
облусунун аймагынан чыккан 1 кг көмүр 7 сомдон сатылып жаткандыгы
аныкталды. Көмүрдүн баалары белгиленген максималдуу чекене баадан
жогору саткан учурлар катталган жок.
Мониторинг учурунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу
чекене бааларды туура сактоо, таразаны камсыз кылуу жана көмүрдүн
бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан көмүр сатуучуларга
бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын
так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


