Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 13- май № 42 буйругун аткаруу жөнүндө
06.11.2024Ош облустук бөлүмүнүн башчысы тарабынан көмүр сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
12.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ысык-Ата, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кант шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте 2024-жылдын 6-ноябрында Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунда жана Кант шаарында көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга жана көмүрдүн коруна (запасы) мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларды туура сактоо, таразаны камсыз кылуу жана көмүрдүн бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Көмүрдүн баалары белгиленген максималдуу чекене баалардан ашык саткан учурлар катталган жок.
2024-жылдын 6-ноябрына карата жогорудагы район шаарларда жергиликтүү көмүр төмөнкү бааларда сатылып жатат:
Аламүдүн району – “Кыргызкөмүр” МИ отун базасы – 5400,0 сом/тонна.
Ысык-Ата району – жергиликтүү көмүр – 5700,0 сом/тонна;
“Кыргызкөмүр” МИ отун базасы – 5200,0 сом/тонна.
Кант шаары – жергиликтүү көмүр – 5700,0 сом/тонна;
Импорт көмүрү (Шабыркуль, Каражыра) – 6300,0 сом/тонна.
Чүй облустук бөлүмү тарабынан Чүй облусунун башка район жана шаарларында көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга мониторинг жүргүзүү улантылат.


