Көмүр сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
06.11.2024Кызматтын Чүй облустук бөлүмү Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда жана Кант шаарында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүштү
11.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигинин 2024-жылдын 13- май № 42 буйругун аткаруу
максатында, Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери IV-кварталга
белгиленген иш планынын негизинде Ак-Суу районундагы “Глобус”,
“Арашан”, “Береке”, “Ак-Бата”, “Кереге” соода түйүндөрү жана Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш
жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ак-Суу райондук шаар
куруу жана архитектура бөлүмүнө мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингде
банктык төлөм QR-код менен төлөө, накталай эмес төлөм формаларын
пайдалануу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Сатуучулар арасында бааларды кармап туруу жана социалдык
маанилүү товаларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө
максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп “Атаандаштык жөнүндө”
жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр
берилди.


