Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү
06.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 13- май № 42 буйругун аткаруу жөнүндө
06.11.2024Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу
монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери,
жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 2024-жылдын 5-ноябрда Сүлүктү жана
Раззаков шаарларында көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук
бөлүмүнүн 2024-жылдын 11-сентябрындагы №19 буйругана ылайык Баткен облусунун
аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90
календарлык күндүк мөөнөткө белгиленгендигин тааныштыруу максатында топ базаларда
көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли Сүлүктү
шаарында көмүрдүн “БР” маркасы тангакталганы 1 кг. 6,5 сомдон жана 1 тн. 6000 сомдон, ал
эми “БК” маркасы тангакталганы 1 кг. 9 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар
айтылып, ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салынган
баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө керектиги
түшүндүрүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы менен бир жеке ишкерге жазма эскертме
берилди.



