2024-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация Мамлекеттик Агенттигинин жана ата мекендик авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү.
04.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 28-октябрында Ош
облусунун Алай районунун аймагында көмүр сатуучу жайларга мониторинг
жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө Алай районунун аймагында Ош
облусунун аймагынан чыккан 1 кг көмүр 6 сом 30 тыйынга чейин сатылып
жаткандыгы аныкталды. Көмүрдүн баалары белгиленген максималдуу
чекене баадан жогору саткан учурлар катталган жок.
Мониторинг учурунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу
чекене бааларды туура сактоо, таразаны камсыз кылуу жана көмүрдүн
бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан көмүр сатуучуларга
бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын
так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

