Сапаты жакшы эмес товарды сатуунун алкагында, керектөөчүгө акчакаражаты кайтарылды
04.11.2024Манас району, Бакай Ата району жана Айтматов райондорунда көмүр баасына мониторинг жүргүзүлдү.
04.11.20242024-жылдын 25-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Талас шаардык мамлекеттик салык кызматынын башкы инспектору, Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн милициянын лейтенанты жана Талас район-шаардык ветеринардык башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте, Талас шаарындагы эт сатылуучу жайларда уй жана кой этинин баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Талас шаарында эттин баасы төмөндөгүдөй:
1. Уй эти 1 кг баасы 490-520 сом
3. Кой эти 1 кг 555-560 сомдон.
Ал эми касап каналарда уй этинин баасы ички эттери менен кошо 390-400 сомго чейин сатылууда.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан социалдык маанилүү товарлардын бааларына үзгүлтүксүз байкоолор жасалып, ал менен бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлүп келет.




