Таласта эттин баасына комплекстүү мониторинг жүргүзүлдү.
04.11.2024Манас районунда жана Айтматов районунда КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлүп көрсөтмөлөр берилди.
04.11.20242024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Манас районунда, Айтматов
районунда жана Бакай Ата районунда жайгашкан көмүр отуну сатылуучу жайларга
мониторинг жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө көмүр отунун баасына байкоолор жана ишкерлерге
сатылып жаткан көмүрдүн баалары белгиленген тийиштүү буйруктар тапшырылды. Ал
менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө»
жана «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде –
“товарлардын баалары тууралуу маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү” жана өлчөө
каражаттарын (таразаларды) мезгилдүү текшерүүлөрдөн өткөзүү” боюнча түшүндүрүү
иштери жүргүзүлдү.
Алсак, бүгүнкү күндө Талас облусунун Айтматов районунда жайгашкан көмүр
сатуучулар импорттук көмүрдү таңгактоо кызматы менен 1 тоннасын 8500 сомдон – 9000
сомго чейин, Бакай-Ата районунда жайгашкан көмүр сатуучулар импорттук көмүрдү
таңгактоо кызматы менен 1 тоннасын 9000 сомдон – 9500 сомго чейин сатылып жатканы
белгилүү болду.
Учурда баалары буйрукта белгиленген чектен ашпай сатылып жатканы аныкталды.

