2024-жылдын 15-18-октябрында өткөрүлгөн ачык конкурстун жыйынтыгы
31.10.2024Талас шаарында жана Талас районунда көмүр баасына мониторинг жүргүзүлдү.
31.10.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 30-майындагы №07-1/44
сандуу тапшырманын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомун жана 2023-2027-жылдарга
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн
көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын
аткаруу максытында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-
декабрындагы № 869 сандуу “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар
жөнүндө” токтомунун тизмесинде көрсөтүлгөн чарбакер субьектерлерине мониторинг
жүргүзүлдү.
2024 – жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Улуттук банктын кызматкерлери менен
биргеликте Талас шаарында жайгашкан гипер маркет, супер маркет, дүкөндөрдө жана
телефон сатылуучу жайларына мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн
программалык-техникалык түзүлүштөрдү тактап айтканда QR-коддорду керектөөчүлөргө
ыңгайлаштырып көрүнүктүү жерге илүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27-берененин талаптары
менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен ишкерлер тараптан аталган талаптар туура кабыл
алынып, жакынкы арада эрежеге ылайык соода сатык жүргүзүлөөрүн билдиришти.

