Ош шаарында көмүр сатуу көмүр базаларына, көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү
31.10.2024Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районундагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме/ишканалардын кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
31.10.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери Араван райондук мамлекеттик
администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте, 2024-жылдын 22-
октябрында Ош облусунун Араван районунун аймагында көмүр сатуучу
жайларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө Араван районунун аймагында Ош
облусунун аймагынан чыккан 1 кг көмүр 7,30 тыйынга чейин сатылып
жаткандыгы аныкталды. Көмүрдүн баалары белгиленген максималдуу чекене
баадан жогору саткан учурлар катталган жок. Андан сырткары, социалдык
көмүр базаларында 1 кг көмүр 4 сом 80 тыйындан 6 сомго чейин сатылып
жатат.
Мониторинг учурунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу
чекене бааларды туура сактоо, таразаны камсыз кылуу жана көмүрдүн
бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, көмүр сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол
бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын
коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү
иштери жүргүзүлдү.

