Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Араван районунун аймагында көмүр сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү
31.10.20242024-жылдын 15-18-октябрында өткөрүлгөн ачык конкурстун жыйынтыгы
31.10.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 2024-жылдын 30-октябрында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча төмөнкү мамлекеттик жана муниципалдык мекеме/ишканаларда мониторинг жүргүзүлдү:
- КР МК караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук филиалы;
- “Шопоков зеленхоз” муниципалдык ишканасы;
- КП “Шопоков шаардык жакшыртуу комбинаты” коммуналдык ишканасы.
Мониторинг төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөргө толук маалыматтардын болуусу;
- Кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча.
Мониторингтин жыйынтыгында “Шопоков зеленхоз” муниципалдык ишканасы жана КП “Шопоков шаардык жакшыртуу комбинаты” коммуналдык ишканасы керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүштүн) менен камсыз болбогондугу аныкталды.
Мониторингтин жыйынтыгы менен жогорудагы ишканаларга тийиштүү эскертүүлөр берилди.

