Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын дарегине “Оптовые цены 01” дүкөнүнө карата кайрылуу келип түшкөн.
09.10.2024Бишкек шаардын аймагында Бөлүмдүн кызматкерлери жумушчу топтун курамында жана МИР24 телеканалынын катышуусунда көмүрду сатуу түйүндөрүндө мониторинг өткөрүлгөн.
09.10.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, 2024-жылдын 7-октябрында Ош облусунун Ноокат районунун аймагында көмүр сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө Ноокат районунун аймагында Ош облусунун аймагынан чыккан 1 кг көмүр 7,30 тыйынга чейин сатылып жаткандыгы аныкталды. Көмүрдүн баалары белгиленген максималдуу чекене баалардан ашык саткан учурлар катталган жок.
Мониторинг учурунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларды туура сактоо, таразаны камсыз кылуу жана көмүрдүн бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү. Ошондой эле, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан көмүр сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү



