Макулдашылгандардын тизмеси:
26.09.2024Макулдашылгандардын тизмеси:
26.09.2024Кызмат, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу «Ала-Арча” Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Ала-Арча паркы) аракеттерине баа берүү боюнча, «Ала-Арча» паркынын аймагындагы коттеджди ижарага алуу үчүн 4000 сом өлчөмүндө которулган алдын ала төлөмдүн суммасын кайтарып берүү маселеси туралуу жаран М. А. Р. электрондук арызын карап чыкты.
Арыздын негизинде, “Ала-Арча” паркынын өкүлү менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында «Ала-Арча» паркы тарабынан кайрылууда айтылган маселелердин маңызы боюнча расмий түрдө жазуу жүзүндө түшүндүрмө берилди. Кароонун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынды, ага ылайык, арыз ээси М. А. Р. коттеджди ижарага алуу үчүн алдын ала 4000 сом өлчөмүндө төлөнгөн суммасы «Ала-Арча» паркынын администрациясы тарабынан белгиленген тартипте толугу менен кайтарылып берилет.

