Эт сатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө
23.09.2024Көмүр жана эт сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
24.09.2024Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Ж. Амангельдиевдин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» 18-беренесине ылайык, Асылбаева Гүлшат Кадыровна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды.
Бул дайындоо анын өлкөнүн монополияга каршы жөнгө салуусун өнүктүрүүгө кошкон салымын жана маанилүү кызматтагы ишинин натыйжа-луулугун тастыктайт. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчилигине Орозбаев Женалы Байсалович дайындалды.
Женалы Байсалович экономикалык жөнгө салуу тармагында көп жылдык тажрыйбага жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адис катары өзүн көрсөтө алды. Анын иши монополияга каршы мыйзамдарды андан ары өнүктүрүүгө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана өлкөдө дени сак бизнес шарттарын түзүүгө багытталат.



