Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө жарыялады
24.09.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 13- май № 42 буйругун аткаруужөнүндө
24.09.2024Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу
монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери, 2024-
жылдын 23-сентябрында Кызыл-Кыя шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг
жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук
бөлүмүнүн 2024-жылдын 11-сентябрындагы №19 буйругана ылайык Баткен облусунун
аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90
календарлык күндүк мөөнөткө белгиленгендигин тааныштыруу максатында топ базада
көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли Кадамжай
районунда көмүрдүн “БР” маркасы тангакталганы 1 кг. 9,5 сомдон жана 1 тн. 9000 сомдон,
жергиликтүү көмүр таңгакталганы 1 кг. 8,50 сомдон жана 1 тн.8 000 сомдон ал эми “БК”
маркасы тангакталганы 1 кг. 12 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып,
ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салынган баасында
туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө керектиги түшүндүрүлдү.
Андан сырткары мал эттерине мониторинг жүргүзүлдү. Уй этинин 1 кг. 550 сомдон,
кой эти 600 сомдон сатылууда.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык
жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин
бузууга жол бербөө жана эттин баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында
касапчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.





