Көмүр өндүрүүчүлөр менен Баткен облусунун район шаарлардын жетекчилери жана айыл аймактык башчылары менен коомдук жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу
15.08.2024
Ош шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жана КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү
16.08.2024Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги товарлардын бааларына жана КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу №313 токтомунун, КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 13.05.2024-ж. № 42 сандуу буйругунун – Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартибинин алкагында жана КР ЭжКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 22-май айында №07-1/41 сандуу тапшырмасына ылайык Талас облустук бөлүмүнүн 3 кварталга түзүлгөн иш планын негизинде Талас шаарында жайгашкан Неман маркеттине мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин алкагында жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин максаты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген жана керектөөчүлөргө сатылбай турган товарлардын тизмесиндеги товарлар аныкталып, жеринде маркеттин жана даарыканын жооптуу кызматкерлерине аталган эрежелерди сактоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарактуу мөөнөтү аяктаган товарлар жеринен сатыктан алынды.
Андан тышкары Талас облустук бөлүмү тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги товарлардын бааларына байкоолор жасалып, ал менен бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү жана иш-чаралар баймабай жүрүп турарын белгилейбиз.




