
Социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
14.08.2024Талас шаарында Социалдык маанилүү товарлардын бааларына керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
16.08.2024Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мадяров Т.М Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш Абдыжапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Лейлек району боюнча башчысы Каратаев.С “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Жолдошов.М, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери менен биргеликте, 2024-жылдын 14-августунда Сүлүктү шаарынын мэриясынын имаратынын кичи залында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.Мадяровдун төрагалыгы астында, Баткен облусунун район, шаарларынын жана айыл аймактык башчыларынын жетекчилери, жана Сүлүктү шаарындагы көмүр өндүрүүчү ишкана мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү жана көмүрдүн жайында чыккан баасын билүү максатында коомдук жыйын болуп өттү, өз кезегинде Баткен облустук бөлүмдүн башчысы жана адистер менен биргеликте, эсептик талдоолорду жүргүзүп, көмүрдүн шахтылардан өндүрүлүп чыккан баасы боюнча тушундүрмөлөр берилди, жана көмүрдүн өндүрүлүп чыккан баасынын негизинде, жыйындын төрагасы коомдук талкууга төмөнкү бааларды сунуш кылды:
-БР маркасындагы Сүлүктү көмүрүнүн 1тоннасы -5500 сом
-БК маркасындагы Сүлүктү көмүрүнүн 1 тоннасы 8000 сом
Коомдук жыйындын талкуусунда эки тараптуу талаш-тартыш, суроолорго жооптор берилип жыйынтыгында, Баткен облусунун район шаарларына жана айыл аймактыктарга жогорудагы көрсөтүлгөн баада бериле турган болуп чечилди. Андан сырткары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери, Раззаков шаарынын көмүр сатуучу жайда көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлүп, БР (орешка) маркасындагы көмүрүнүн 1 тонна чекене баасы 6000-6500 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгында, сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.



