
Лейлек районунун жалпы дарыгердик практикаборбору тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды
12.07.2024
Банктык төлөм карталарын жана же накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн QR-коддорду пайдалануу боюнча соода-түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
12.07.20242024-жылдын 12-июлда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери Раззаков шаарындагы базарларда жана ири соода түйүндөрдө сатуучулардын арасында социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.
Эң негизги социалдык манилүү товарлардын баалары:
- Жергиликтүү 1 сорттогу ундун баасы 1 кг 36-37 сом;
- Өсүмдүк күн карама майы 1 литр 130 – 140 сомго чейин;
- Кумшекер 1 кг 82 – 90 сомго чейин;
- Күрүч (тазаланган ак) 1 кг 120 – 150 сомго чейин;
- Макарон азыгы 1 кг. 65 – 70 сомго чейин;
- Картошка 1 кг. 30-35 сом;
- Пияз 1 кг. 20-25 сом;
- Сабиз 1 кг. 32-33 сом;
9. Уй эти 1 кг баасы 500 сом, кой эти 1 кг 600 сом.
Ошондой эле, мониторингдин жүрүшүндө товарларды сатуучулар арасында социалдык маанидеги товарларга, баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Учурда социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, кескин өсүшү байкалган жок.




