
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун Стоматология кызматы тарабынан акы төлөнүүчү кызматтардын прейскуранты макулдашылды
24.05.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 2024-жылдын 24-майында мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча төмөнкү мамлекеттик мекемелерде мониторинг жүргүзүлдү:
- Кемин райондук жалпы дарыгердик борбору;
- КР МК караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кемин филиалы;
- Кемин районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы”
- Кемин райондук стоматологиялык поликлиникасы;
- Кемин районундагы калкты тейлоо борбору.
Мониторинг төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөргө толук маалыматтардын болуусу;
- Кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча.
Мониторингтин жыйынтыгында Кемин райондук жалпы дарыгердик борбору, Кемин районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөргө толук маалыматтардын болуусу болбогондугу аныкталды.
Мониторингтин жыйынтыгы менен жогорудагы мекемелерге тийиштүү эскертүүлөр берилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө мониторинг жүргүзүү дагы улантылат.




