
Куттуктайбыз!
24.05.2024
Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Кемин районундагы мамлекеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүлдү
24.05.20242024-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы тарабынан “Суюлтулган газ чөйрөсүндөгү Кыргыз ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын башкармалыгынын башкаруучусунун кайрылуусу боюнча тегерек стол өткөрүлдү.
Жогорудагы көрсөтүлгөн иш-чарага Кызматтын төрагасынын орун басары А.А. Мамыралиев, башкармалыктын башчысы А.Т. Ахмеджанова, суюлтулган газ чөйрөсүндөгү Кыргыз ишкерлер ассоциациясынын жана ушул эле чөйрөдө сатуу боюнча алектенген ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү катышышты.
Тегерек столдун алкагында автомобилдик суюлтулган газ куюучу жайларда эсептөө приборлорун контролдоо жана пломбалоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле катышуучулар бул маселени чечүүдө активдүү өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча мындан аркы пландар тууралуу пикир алмашышты.
Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча, автомобилдик суюлтулган газ куюучу жайларда пропан-бутан техникалык аралашмасынын тыгыздыгын күн сайын эсепке алуу журналын киргизүү жана мындай жолугушууларды туруктуу өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө чечими кабыл алынды.




