
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Баткен шаарынын соода түйүндөрүнө социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
16.05.2024
Кызматтын дарегине сапатсыз кызмат алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси боюнча Д. К. аттуу жарандан жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн.
Билдирүүгө ылайык, керектөөчү “П..” салонунда чач өстүрүү курстарына жазылган. Чачты өстүрүү боюнча окутуучу мастер жаранды жумасына 3 жолудан, бир ай бою теориялык жана практикалык сабактарды жана курстарды аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү сертификатты берүүгө милдеттеме алган. Ошол эле учурда, бир айдын ичинде окутуучу мастер 3 жолу гана сабак өткөргөн, ошону менен эле зарыл болгон билим жана көндүмдөрдү берген эмес. Керектөөчү курстарга төлөнгөн акчасын кайтарып алуу үчүн салонго арыз доосу менен кайрылган, бирок салон керекөөчүгө акчасын кайтарып берүүдөн баш тартышкан, ошол себептен керектөөчү өз укугун коргоо үчүн Кызматка кайрылган.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4- беренесине ылайык сатуучу сапаты жана саны келишимге ылайык келген керектөөчү товарларды берүүгө (иштерди аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
Аталган Кызмат тарабынан кайрылуунун негизинде “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүп, натыйжада керектөөчүгө 35000 сом акча каражаты кайтарылып берилген.
Керектөөчүнүн талаптары канааттандырылган.

