
Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионат жана башка эс алуучу жайларда , соода түйүндөрүндө жалпы мониторинг жүргүзүлдү
07.05.2024
Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринин 22-1 пунту боюнча мониторинг жүргүзүлдү
08.05.2024Социалдык маанилүү товарларга баалардын жогорулашына жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан социалдык маанилүү товарлардын бааларына Нарын шаарында жайгашкан соода дүкөндөрүндө жана базарлардагы соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө, баалар төмөнкү баада сатылып жатканы аныкталды:
1-сорттогу буудай уну 1 кг – 36 сом;
Импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 1 кг – 49 сом;
1-сорттогу буудай унунан жасалган нан – 60 сом;
Өсүмдүк майы 1 л – 135 сом;
Кум-шекер 1 кг – 75 сом;
Уй эти 1 кг – 540 сом;
Кой эти 1 кг – 540 сом;
Ошондой эле, мониторингдин жүрүшүндө товарларды сатуучулар арасында социалдык маанидеги товарларга, баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Учурда социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, кескин өсүшү байкалган жок.




