
Талас облусунун аймагындагы сүттү кайра иштетүүчү ишканалар менен жолугушуу өткөрүлдү
29.04.2024
Кара-Суу районунда жайгашкан ири соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү
29.04.2024Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 26-апрель күнү Ош шаарында жайгашкан ишкердик субъекттерге “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүнүн эрежелери” жөнүндө токтомдун 22-1 беренесинин аткарылышына мониторинг жүргүзүштү. Бул иш-чара 20дан ашуун ишкердик субъекттерди камтыды (кийим, оюнчук, азык-түлүк жана курулуш материалдар сатуучу дүкөндөр). Алар:
- Балапан;
- Аюби_Бейби;
- Ал-Фараби;
- Бранд-Мих;
- Акниет;
- Азия;
- Глобус;
- Лининг;
- Рамазан соода борбору;
- Народный;
- Мегаполис;
- Галерея-Ош ж.б.
Мониторингдин жүрүшүндө кийим саткан (чоңдор, жаш балдар) дүкөндөрүндө Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарлары өзүнчө соода текчелерде сатылгандыгы анык болду. Ал эми азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдүн көпчүлүгүндө жогоруудагы токтомдун эрежелери сакталбагандыгы аныкталды. Жыйынтыгында ишкерлерге Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүнүн эрежелери жөнүндө токтомдун 22-1 беренесинин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




