
Талас шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелери боюнча мониторинг жүргүзүлдү
26.04.2024
Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорундагы жана Кант шаарындагы соода жайларында мониторинг жүргүзүлдү
29.04.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 2024-жылдын 26-апрелинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча төмөнкү мамлекеттик мекемелерде мониторинг жүргүзүлдү:
- Панфилов райондук жалпы дарыгердик борбору;
- КР МК караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Панфилов филиалы;
- Панфилов районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы”
Мониторинг төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөргө толук маалыматтардын болуусу;
- Кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча.
Мониторингтин жыйынтыгында мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен накталай эмес формада төлөө ыкмасы мамлекеттик банкттар аркылуу жургузулору аныкталгды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө мониторинг жүргүзүү дагы улантылат.






