
Ош облустук бөлүмү тарабынан Кара-Кочкор жандандыруу жана калыбына келтирүү борборунун кызматкерлерине жана ошол жердеги жарандарга семинар өткөрүлдү
19.03.2024
Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткарылышы боюнча жыйын өттү
19.03.2024Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунда (ЦОН) 2024-жылдын 19-мартында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда Калкты тейлөө борбору тарабынан кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен камсыздалган. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөр үчүн маалыматтар илинген. Электрондук кезек менен иш алып барылууда.
Мониторингде Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.





