
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын базарларынын айланасында эттин баасына, өздүк наркын талдоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
17.01.2024
Ысык-Көл облустун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
18.01.2024Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №4/28 буйругу менен Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2024-жылдын 18-январь күнү Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Ноокат районунун аймагында көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, Ноокат районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары, сатуучуларга белгиленген баадан ашык сатпоо боюнча эскертилди. Бүгүнкү күндө көмүр белгиленген баада сатылып жатат, таңкыстык жок.
Белгилей кетсек, Ноокат районунун аймагында 5 сомдон социалдык көмүр сатылып жаткандыгы аныкталды.




