
Бишкекте нан менен көмүрдүн баасын кымбат саткандарга айып пул салынд
24.11.2023
Баткен облусунун Кадамжай районунда нан жана көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
24.11.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн (мындан ары–Бөлүм) 2023-жылдын 25-октябрындагы №4/28 буйругу менен Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023-жылдын 23-ноябрь күнү Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кара-Кулжа райондук администрациясынын, Кара-Кулжа районунун ЖКККБнын, салык кызматынын жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Кулжа районунун аймагында көмүр сатуучуларга, Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.






