
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
24.11.2023
Мамлекеттик Катчы С.С.Касмамбетов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жамааты менен жолугушту.
24.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №12 буйругуна ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленген.
2023-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кадамжай районунда көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүздү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли ээленгени 1кг – 10,50 сомдон, ээленбегени 1 тн. – 10 000 сомдон, жергшиликтүү көмүр ээленгени 1кг – 8,50 сомдон, ээленбегени 1 тн. – 8 000 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, көмүр сатуучу ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн мамлекеттик белгиленген баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Андан сырткары биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан) жана тандыр нандын бааларына да мониторинг жүргүзүлдү.
Учурда 425-440 гр. бөлкө нан чекене баада 25 сомдон, тандыр нандар салмагына жараша чекене баада 230-260 гр. 20 сомдон, 245-285 гр. 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.





